Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Банковские операции
 

Банковские операции

 
Банк аткарымдары

Банковские операции

 
БАНК АТКАРЫМДАРЫ – КР мыйзамдары боюнча лицензияда атайын көрсөтүлгөн банктар менен кредиттик уюмдар гана иш жүргүзүүчү аткарымдар: а) аманатчылар менен макулдашылган шартта өз атынан депозиттерди тартуу; б) каражат берүүчү менен макулдашылган шартта өз атынан өзүнүн каражатын же башка жактан табылган каражаттарды жайгаштыруу; в) КР улуттук валютасында жеке жана юридикалык жактардын эсебин ачуу жана жүргүзүү; г) кардарлар менен банк-мүчөлөрүнүн тапшырмасы боюнча эсеп-кысап иштерин жүргүзүү жана ага кассалык кызмат көрсөтүү; д) төлөм документтерин (чек, аккредитив, вексель, ж. б.) анын ичинде кредиттик жана төлөм карточкаларын чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана төлөм документтерин бекемдөө; е) карыз милдеттенмелерин сатуу жана сатып алуу (факторинг ), карыздарды, сумманы жыйноо максатында жактардын коммерциялык ишин каржылоо үчүн карыз же вексель боюнча төлөнүүгө жатуучу жөнөкөй жана которум векселдерди сатып алуу жана сатуу (форфетирлөө); ж) мыйзам ченемдик актыларга ылайык КРУБ тарабынан берилген шартта баалуу кагаздарды карызга берүү (депозиттик күбөлүктөр, облигациялар, жөнөкөй векселдер); з) жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн кредиттөө шартында банк ортомчу катары чыккан каржылык лизинг боюнча аткарымдарды ишке ашыруу; и) жеке жана юридикалык жактар менен келишимдин шартында акча каражаттары ишенимдүү башкарууну жүргүзүү; к) банк кепилдигин берүү. Жогоруда саналып өткөн Б. а-нан сырткары, банк КР мыйзамдарына ылайык өз иштерин камсыз кылууга зарыл болгон башка да бүтүмдөрдү жүргүзүүгө акылуу.

Банковские операции

 
Банктар тарабынан акча каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуу жана жайгаштыруу, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн операциялар. Алар төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) банктар алар аркылуу колдо болгон финансылык ресурстарды жайгаштыра алган активдүү операцияларга, б.а. кредит берүү, баалуу кагаздарды сатып алуу; б) банктар алар аркылуу финансылык ресурстарды топтогон пассивдүү операцияларга, б.а. аманаттарды тартуу, кийинчерээк активдүү каражаттар катары колдонуу үчүн баалуу кагаздарды сатуу; в) кызматтарды сунуштоо, тапшырмаларды аткаруу, ортомчулук операцияларын жана мыйзамдарда жол берилген башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолор.


Хотите добавить свой перевод для слово: "Банковские операции"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru